Menu

Тажикстан мечиттери киреше булагы тууралуу отчет берүүгө милдеттендирилди

Бөлүшүү:

Тажикстанда бардык диний мекемелер мындан ары киреше булагы тууралуу отчет берүүгө милдеттендирилди.

Тажикстанда “Диний бирикмелер жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, диний бирикмелер, мечит, чиркөө, синагогалар киреше булагы, каражаттарды колдонуу жана кызматкерлердин айлык маяналары, салык төлөмдөрү тууралуу отчет берип туруулары керек.

Тажикстанда мечит, чиркөөлөр жана өлкөдөгү жалгыз синагога динге ишенген кишилердин садакаларынын эсебинен иш алып барат. Мечит имамдары сүннөткө отургузуу, нике кыюу жана жаназа окуу жөрөлгөлөрүнүн эсебинен акча табышат.

Бирок 2014-жылдан бери өлкөдөгү негизги мечиттердин имамдары маяна ала башташкан, алардын саны 265 кишини түзөт. Тажикстан Уламалар кеңешинин төрагасы, муфтий Саидмукаррам Абдукодирзода 2 миң сомони (220 доллардан ашык), имам-хатибдер 1500-800 сомони айлык алышат. Башка конфессиялардын өкүлдөрүнө мамлекеттик бюджеттин эсебинен маяна берилбейт.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: