Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2011-жылдын 18-октябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин аймагына келүүчү үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды эсепке алуунун бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 28-декабрында кабыл алынган.
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин аймагына кирүүчү үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары менен жарандыгы жок адамдарды бирдиктүү эсепке алуу системасын түзүүнүн максаты болуп Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин аймагына кирүүчү үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары менен жарандыгы жок адамдардын кыймылын контролдоо жаатындагы уюштуруу-башкаруу чечимдерин даярдоо жана кабыл алуу боюнча мамлекеттер аралык маалымат алмашуунун сапатын көтөрүү эсептелет, ошондой эле аталган мамлекеттердин аймагына кирүүчү үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары менен жарандыгы жок адамдардын кыймылына тийиштүү маалыматтарды топтоого, сактоого жана иштеп чыгууга багытталган.
Мыйзам расмий жарыяланганкүндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ