Menu

Өзбекстанда “кара тизмеден” чийилген журналист Улуттук телеканалга башкы редактор болду

Бөлүшүү:

Өзбекстандагы белгилүү журналист жана спорт комментатору Хайрулла Хамидов Улуттук телерадиокомпаниянын “Маданият жана маърифат” телеканалында башкы редактор болуп иштей баштады.

Мындан тышкары Хайрулла Хамидов “Спорт” телеканалынын комментатору болуп иштөөнү дагы улантат. Ал “Шедевр” автордук берүүсүн алып барат.

43 жаштагы журналист, спорт комментатору, акын жана радиоалып баруучу Хайрулла Хамидов диний ырлары менен белгилүү. 2000-жылдардын соңунда Хамидовдун аудио жана видео баяндары Өзбекстан эле эмес Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө дагы тараган.

2010-жылы 27-майда “Жихадчылар” тобуна тиешеси бар деген шек менен алты жылга соттолгон. 2015-жылы мунапыс менен эркиндикке чыккан.

Өлкөдө тыюу салынган агымдарга катышы бар деп шектелген журналисттин ысымы былтыр “кара тизмеден” чийлип, ТВга кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: