Menu

Фотобаян – Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун алгачкы отуруму өтүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2017-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын жүзөгө ашыруунун алкагында түзүлгөн   жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун алгачкы отуруму өтүүдө.

Жумушчу топтун алгачкы отуруму Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өтүп жатат.

Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Президентинин “Аймактарды башкарууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу боюнча чаралар жөнүндө” буйругу менен түзүлгөн. Анын курамына мамлекеттик органдардын, өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле жарандык коом өкүлдөрү киришти.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун курамы тиркелет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: