Menu

Садыков “сасыта” баштады…

Бөлүшүү:

Деги Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети ректорго жарыбай койду. Жогорку окуу жайларынын көч башы катары эсептелген уюткулуу университеттин кутун учуруп бүтүштү. Келген эле ректор өз көмөчүнө күл тарткан өзүмчүл кокуй болушту. Мына азыркы ректор Ка­нат Садыков дагы иритме иштерден башы чыкпай, окуу жайдын жамааты нааразы. Айрым мугалимдер маалымат жыйын өткөрүп, окуу жайда каражаттар максатсыз пайдаланылып жатканын айтып чыгышты. Алардын пикиринде, ректор Садыков өзүнө 7 кеңешчи алып, кошумча 131 штаттык бирдик түзүп, кадрдык, финансылык башаламандык саясат жүргүзүп, чалмакей чалып жатыптыр. Ал ортодо журналистика факультетинин студенттери ректорго окууга жакшы шарт түзүп бербей жатканын айтып чыгыш­ты. Мугалимдер, студенттер баары нааразы болушса, шалаакы ректордун кызматта отурушу окуу жайга аброй алып келбейт эмеспи. Жогорку жетекчилик бул маселеге кайдигер карабай, университетке татыктуу ректор дайындабаса болбойт…

Булак: Фабула

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: