Menu

Казакстан жолдорунда жылынуу пункттары уюштурулат

Бөлүшүү:

Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев аймактарда айдоочулар менен жүргүнчүлөргө жылынуу пункттарын ачуу жана ысык тамак уюштурууну тапшырды. Бул тууралуу казак өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы ошондой эле профилдик мекемелерге катуу суукта авариялык куткаруу бригадаларынын нөөмөтүн, медициналык тез жардам кызматтарынын ишин уюштуруу тапшырмасын берди.

Өлкөнүн түндүк жана чыгыш облустарында өткөн жумадан бери катуу суук болууда. Айрым аймактарда мектептердеги сабактар токтотулду. 22-январда Актөбө облусунун бийлиги Иргиз районунда бузулуп калган автобустун жүргүнчүлөрү куткарылганын билдирди. Синоптиктердин божомолунда, өлкөдө катуу суук дагы бир канча күнгө созулат.

18-январда Актөбө облусунда автобус өрттөнүп, 52 киши мерт болгон. Бийлик андагы өрттүн чыгышынын негизги себеби катары кыймылдаткычы бузулуп калган автобустун ичин жылытуу үчүн от жагуудагы этиятсыздыкты атаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: