Menu

Исаковго эл ишенбей калабы?

Бөлүшүү:

Өкмөт башчысы Сапар Исаков «Таза коом» программасынын алкагында ишке ашыра турган болуп жаткан «Акылдуу шаар» долбоору башталбай жатып, элден көчөлөргө коюла турган ка­мера үчүн акча чогултууга өткөнү сынга кабылды. Буга Бишкек шаарында көп кабат үйлөрдүн дубалдарына “айына 25 сомдон” деген жарыянын пайда болушу себеп болду. Коомчулукта дароо тескери реакция жаралаары менен шаар бийлиги илинип жаткан жарыяга тиешебиз жок деп актанып, четке чыга берди. Мындан улам, Исаковдун акылы элден 25 сомдон чогултууга жеттиби деген кескин сындар айтылууда. Ал ортодо «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырганы жаткан кытайлык «Huawei» компаниясынын ишмердүүлүгүнө болгон күмөн, шек жараткан маалыматтар чы­га баштады. Исаковдун Жогорку Нарын ГЭСтерин курмак болгон чехиялык аферисттик «Лигласс» компаниясынан кийин оозу күйгөндөй болду эле… Эгер бул дол­боору дагы тескери чыкса, эл ишенбей калат го… Өткөндөн сабак алыш керек да негизи…

Булак: Фабула

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: