Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.
Бул макулдашуунун негизги концепциясы КМШ органдарына бул уюмга мүчө мамлекеттерине берилүүчү жашыруун маалыматты сактоо чөйрөсүндөгү укук, милдет жана жоопкерчиликтерди бекитүүгө багытталган. Анда өз ара кызматташуунун жүрүшүндө колдонулуучу маалыматтын жашыруундук даражасы, жашыруун маалыматты сактоо жана аны берүү чаралары аныкталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ