Menu

“Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Аба кыймылын тейлөө үчүн жоопкерчиликти өкүлдөп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамга кол коюлду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган  Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Аба кыймылын тейлөө үчүн жоопкерчиликти өкүлдөп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 13-декабрында кабыл алынган.

Бул Макулдашуунун  максаты  – Эл аралык Стандарттардын жана ИКАОнун Сунуш кылынган  Практикасынын талаптарын, ошондой эле эл аралык жарандык авиация жөнүндө Конвенциянын жоболорун аткаруу.

Көрсөтүлгөн Макулдашууну ратификациялоо изилдөө-куткаруу жумуштарын жүргүзүү үчүн аба кыймылын тейлөөнү жана авариялык билдирүүлөрдү уюштурууда географиялык шарттар жана учууларды радиотехникалык камсыздоонун мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен улуттук суверенитетке зыян келтирбестен укуктук камсыздоо шарттарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: