Menu

Депутат Төрөбай Зулпукаров Катар мамлекетинин элчиси Мохамед бин Арар Аль-Наими менен жолугушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Араб өлкөлөрү менен болгон парламенттик достук топтун жетекчиси Төрөбай Зулпукаров Катар мамлекетинин Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мохамед бин Арар Аль-Наими менен жолугушту.

Катар элчиси Мохамед Аль-Наими депутат Төрөбай Зулпукаровго жаңырган жылдагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалоо менен анын эки мамлекеттин ортосундагы мамилелелердин бекемделишине кошкон зор салымын баса белгиледи. Ошону менен бирге, Катарда түзүлгөн бүгүнкү кырдаалдан учкай кеп кылып өттү. Мындан сырткары, элчи Бишкек-Доха авиа каттамын ачуу жаатында иш-аракеттер болуп жатканын, бул иш жүзүнө ашса анда эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүгө жана туризм тармагына жакшы таасирин бере тургандыгын айтты. Аны менен бирге Элчи мырза эл өкүлүнө эки мамлекеттин карым катнаштарын жаңы дэңгээлге чыгаруу үчүн өлкө парламенттеринде өзүнчө депутаттык достук топ түзүүнү сунуш кылды.

Өз кезегинде депутат Төрөбай Зулпукаров Кыргызстан менен Катардын ортосундагы кызматташуу мамилелери өнүгүү жолунда бара жаткандыгына токтолду. Мындай өз ара алаканы мындан ары дагы өнүктүрүүгө кыргыз тарап кызыкдар экенин айткан Төрөбай Зулпукаров, Бишкек-Доха авиакаттамынын ачылышы менен күтүлүүчү натыйжалар боюнча маектешинин пикирин толук кубаттады. Ал эми Катар менен кызматташуу боюнча Жогорку Кеңеште депутаттык достук тобун түзүү маселеси кыргыз парламентинде коллегиалдуу чечиле тургандыгын маалымдады.

Мындан сырткары, тараптар эки жактуу кызматташууну мындан ары дагы өркүндөтүү жаатында пикир алышты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: