Өзбекстандын Фергана облусунда дарыгерлер 11 айлык баланын денесинен 16 кийим тигүү ийнесин табышты. Бул тууралуу РИА Новости Өзбекстан Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.
Наристенин апасы баласын рентгенге тарттыруу үчүн дарыгерлерге кайрылган. Мындан соң ага Ташкенттеги Республикалык илимий борбордо операция жасалган.
Операция тогуз саатка созулду, наристенин денесинен 13 ийне алып чыктык», – деп билдирген басылманын өз булагы. Анын айтымында, баланын жаш курагын эске алуу менен анын ичиндеги үч ийнени кийинки операция учурунда алып чыгуу чечими кабыл алынган. Учурда ал реанимацияда.
Анализ учурунда ийнелер баланын организминде бир жарым айдан бери жүргөнү аныкталган.
Дарыгерлер ийнелер дененин ар кайсы бөлүгүндө болгондуктан, наристе аларды өз алдынча жутуп ала алмак эмес дешүүдө. Укук коргоо органдары бул факт боюнча иликтөө иштерин жүргүзө башташты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ