Menu

Тажикстанда Мамтелерадио комитети каражатты максатсыз пайдаланууга айыпталууда

Бөлүшүү:

Тажикстандын Эсеп палатасы өкмөттүн алдындагы Теле жана радиоберүү комитетин бюджеттик каражатты максатсыз пайдаланууга айыптады.

«2015-жылы мамлекеттик телерадиоберүү кызматкерлери үчүн турак-жай курууга өлкө бюджетинен 948 миң сомони (100 миң доллардан ашык) бөлүнгөн. Бирок бул каражат тиешелүү түрдө өздөштүрүлгөн эмес. Курулуш иштерин аткаруу боюнча тендердин жана макулдашуунун негизинде бул сумма толугу менен «Жамил ЛТД» деген жеке компаниянын эсебине которулган», – деп билдирди Эсеп палатасынын төрага орун басары Зафар Азими.

Анын айтымында, текшерүүнүн жүрүшүндө жалпысынан мекеме тараптан мамлекетке 2,7 миллион сомони зыян келтирилгени аныкталган.

Теле жана радиоберүү комитетинен Эсеп палатасынын бул билдирүүсү боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Эсеп палатасынын каржы башкармалыгынын кызматкерлеринин бири комитет бөлүнгөн каражатты «Варзиш» (Спорт), «Синамо» телеканалдары жана ММК академиясы жайгашкан имараттын курулушуна жумшаганын билдирди.

«Чынында 948 миң сомони кызматкерлерге үй курууга бөлүнгөн. Бирок Мамтелерадионун жетекчилиги ал каражатты эки жаңы телеканал жана ММК академиясы жайгашкан имаратты куруп бүткөрүүгө жумшаган. 2015-жылы эле пайдаланууга берилиши керек болгон имарат 2016-жылы гана курулуп бүткөн. Бирок кыйынчылыктарга карабастан мекеменин жетекчилиги кызматкерлери үчүн турак-жай курууну улантууда», – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: