Menu

Тармактык комитетте мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23- январда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында “2017-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы «Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Ратификациялык мыйзам долбоору боюнча КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, аталган долбоордун максаты жайыт комитеттеринин кирешелеринин өсүшүнө жана жайыттарды натыйжалуу башкарууну жогорулатууга көмөктөшүү болуп саналат.

Долбоор 4 компоненттен турат:

  1. Мал чарба продукциясынын кошумча нарк тизимин өнүктүрүү;
  2. Мал чарба продукциясынын кошумча нарк тизимин каржылоо;
  3. Кыргызстандын мал чарбачылыгынын санитардык системасын модернизациялоо;
  4. Долбоорду башкаруу.

Макулдашуунун шарттары:

Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду тарабынан берилүүчү кредитинин суммасы – 12,7 млн АКШ доллары, Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду тарабынан берилүүчү гранттык суммасы – 12,7 млн АКШ доллары. Кредитти төлөө мөөнөтү 40 жыл. Жеңилдетүү мезгили – 10 жыл, пайыздык ставкасы – жылына 0,75 %. Министрдин айтымында, долбоордун алкагында 200 жуцмушчу орун түзүлмөкчү.

Жыйынтыгында аталган ратификациялык мыйзам долбоору 1-окууда жактырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

30 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: