Menu

Видео – Кыргызстанда “Каралар” жанданды

Бөлүшүү:

Жаңы жыл алдында Кыргызстандыктардын майрамдык маанайын чөктүрүп, өлкөдөгү жана ар бир облуста болгон зордук-зомбулуктар менен карактоолор калктын тынчын алды. Дээрлик ар бир аймакта куралдуу кол салуулар болуп, кылмышкерлер түнкүсүн үйлөрдү тоношкон. Мисалга алсак, Беловодск айылында жүз миң сом үчүн бир үй-бүлөнү кылмышкерлер каңга боёп, тоноп кетишкен. Ошондой эле азыркы учурда коомчулукта кызуу талкууну жараткан, Ысык-Колдогу Бостери айылындагы “Осьминог” рестораны уюшкан кылмыштуулук топтун мүчөлөрү тарабынан өрттөлгөн деген маалыматты эл окүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары айтып чыгышты. Ал эле эмес жакын арада эле Токмок шаарында белгисиз адамдар бир үй бүлөнү тоноп, эки жаран бул дүйнө менен кош айтышкан. Эки күн мурун Оштук жаран каракчыларга 15 миллион сомун алдырып жибергени тууралу маалымат тарады.

Булак: NexтTV

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: