Menu

Видео – Орусияда “Сталиндин өлүмү” тасмасы көрсөтүлбөйт

Бөлүшүү:

Орусиянын Маданият министрлиги 23-январда режиссер Армандо Ианнуччинин “Сталиндин өлүмү” деп аталган фильминин көрсөтүүгө уруксат берген жок. Тасма 25-январдан тарта Москвадагы 30 кинотеатрдан көрсөтүлө баштамак.

Орусиянын мадания министри Владимир Мединский фильмге тыюу салуу цензура эместинин билдирди.

“Көпчүлүк аны совет доорун, фашизмди жеңген өлкөнү, совет армиясын жана жөнөкөй адамдарды мазактоо катары кабыл алат”, – деди Мединский.

Мурдараак Маданият министрлигинин юристтер тобу мекеменин башчысы Владимир Мединскийди фильмде байкалды делген экстремизм белгилеринен улам анын өлкө аймагына көрсөтүлүшүнө тыюу салууга чакырган.

Министрлик “Сталиндин өлүмү” фильмин прокатка чыгаруу боюнча күбөлүктү 17-январда берген. 25-январдан тарта фильм Москванын отуздай кинотеатрларында көрсөтүлүп баштамак. Бир күн мурда тасманы көрсөтүүдөн Екатеринбург шаарынын кинотеатрлары баш тарткан.

“Сталиндин өлүмү” деп аталган британиялык сатиралык комедиянын дүйнөлүк премьерасы 2017-жылдын сентябрь айында Лондондо өткөн. Анда 1953-жылы Иосиф Сталин көз жумгандан кийинки СССРдеги бийлик талаш баяндалган.

Ага Стив Бушеми, Жейсон Айзекс жана Ольга Куриленко тартылган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: