Menu

Кабулдагы кол салуу учурунда бир нече америкалык мерт болгон

Бөлүшүү:

АКШ Мамлекеттик департаменти 21-январда Кабулдагы Intercontinental мейманканасында жасалган террордук чабуул курмандыктарынын арасында Кошмо Штаттардын жарандары болгонун тастыктады.

Буга чейин кол салуу учурунда Германия, Грекия, Украина жана Казакстан жарандары болгону маалымдалган.

АКШ Мамлекеттик департаменти теракттан канча америкалык өлгөнүн айткан жок.

Бирок AP агенттиги Кабул мейманканасындагы кол салуу учурунда бир нече америкалык жаран мерт болгонун кабарлады.

Агенттик Кабулдун расмий өкүлдөрүнүн маалыматына таянуу менен террорчулардын чабуулунан 22 киши курман болгонун билдирди. Алардын 13ү чет өлкөлүк жарандар болгон.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: