Menu

Фоторепортаж – жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму болду

Бөлүшүү:

Кечээ, 23-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын жүзөгө ашыруунун алкагында түзүлгөн   жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун алгачкы отуруму болду.

Жумушчу топтун алгачкы отуруму Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өттү.

Мамлекет башчысы региондорду өнүктүрүү – анын президенттик мөөнөтүндөгү артыкчылыктуу маселе экенин белгиледи.

Кеңешменин алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Муратбек Шайымкулов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жетиген Бакиров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги өкүлүнүн орун басары – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов, жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова региондорду өнүктүрүү боюнча өз сунуштары менен тааныштырышты.

Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана тескөөнүн сарамжалдуу системасын калыптандыруу, өлкөнүн бардык региондорун динамикалуу өнүктүрүү, жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү максималдуу эске алуу жана  бийлик органдары менен калктын ортосундагы эриш-аркак байланышты бекемдөө маселелери боюнча пикир алмашуу жана дискуссиялар болду.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча жумушчу топко 2018-жылдын 1-майынан кечиктирбестен ведомстволук аймактарды башкаруу маселелеринде жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин олуттуу күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өзгөртүү боюнча сунуштарды жана жергиликтүү өнүктүрүүнү башкаруу процесстеринин сапатын жакшыртууга, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын ролун, ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын  иштеп чыгуу жана берүү тапшырылды.

Андан ары жумушчу топтун мүчөлөрү өзүнчө (тематикалык) секциялардын алкагында талкууну улантышты.

Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Президентинин “Аймактарды башкарууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу боюнча чаралар жөнүндө” буйругу менен түзүлгөн. Анын курамына мамлекеттик органдардын, өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле жарандык коом өкүлдөрү киришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: