Menu

Давоско Президент барышы керек эле го? Эмнеге Сапар Исаков барды?

Бөлүшүү:

Өкмөт башчысы Сапар Исаков Швейцариянын Давос шаарында өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга жөнөп кетти. Бул форум дүйнөдөгү эң маанилүү иш чаралардын катарына кирет. Бул жылы ага 60тан ашык өлкөнүн президекттери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Экономикалык форум өлкө башчыларынын орчундуу маселелерди – экономикалык жааттагы көйгөйлөрдү көзмө көз отуруп чечишип алууга мүмкүнчүлүк берет.

23-26-январга чейин өтө турган форум­га Кыргызстандын делегациясын өкмөт башчы Сапар Исаков жетектеп кеткенин айттык. Бирок, калган курам тууралуу маалымат жок. Өкмөттүн аппаратынын маалыматына караганда, Сапар Исаков бул иш сапарынын алкагында Швейцариянын президенти Ален Берсе, Индиянын ТИМ башчысы Мушараб Жавад Акбар жана Грузиянын премьер-министри Георгия Квирикашвили жана башка ири эларалык компаниялардын жетекчилери менен жолугушат.

Экономикалык форумга негизинен өлкөлөрдүн башчылары катышат. Айрым шарттарда гана, же президенттин башка бир өтө маанилүү иштен чыга албай кал­ган учурда, же ден соолугуна байланыштуу бара албай калганда, анын ордуна өлкө делегациясын башка чиновник жетектеп сапарга чыгат. Президент Сооронбай Жээнбековдун колун байлай турган олуттуу окуя Кудайга шүгүр жок, өлкө башчысынын саламаттыгы деле чың экенин анын ишмердүүлүгүнөн байкап турабыз. Ошондон улам, президенттин башын аттап, өкмөт башчысынын ири иш чарага жөнөп кетүүсү бир катар шектенүүлөрдү жаратат.

Сапар Исаков жаңы президент шайланып, ишке киришер алдында “Соорон­бай Жээнбеков жумшак адам, ал менин ишмердүүлүгүмө бут тоспосо керек”- дегендей мааниде кыйытып маалымат каражаттарына билдирген. Ошондо эле коомчулук бул жаш өкмөт башчысынын алдын ала өз арыгын кеңири чаап, өлкөнүн эки тизгин, бир чылбырын колуна алууга ниети бардыгын байкаган. Балким, бул сапар да Жээнбековдун “жумшак мүнөзүнөн” пайдаланып, бир канча өлкөлөрдүн баш­чылары бара турчу форумга өзү аттанып чыккандыр. Башка өлкөнүн президенттери менен жолугуп, эларалык чөйрөгө ысымын таанытып, аброй топтоонун амалын көргөндүр. Кандай болгон учурда да прези­дент бара турган жерге жулунуп чуркаганы жакшы болбой калды.

Сооронбай Жээнбеков президенттик постко келгенине эки айга жакын да убакыт боло элек. Жаңы президент катары ага азыр экономикалык форум сыяктуу иш чараларга катышып, өлкөнүн башкы саясий фигурасы катары эларалык айдыңда орун табышы маанилүү. Бирок, Сапар Исаковдой чуркаганга оңой өкмөт башчысы турганда анын мындай деңгээлге жетиши кыйыныраак болот окшойт.

Жакында “Республика” гезитинде Казакстандын “Альтернатива” актуалдуу иликтөөлөрү борборунун директору Ан­дрей Чеботарев менен болгон маек жарыяланды. Өткөн жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодогу “улак тартыштын” кесепетинен Казакстан менен болгон мамилебиз шчарлаганы баарыбыздын эсибизде эмеспи. Эки президенттин кайым айтышуусунан кыргыз-казак чегарасы жабылып, ал эки президентов эмес, карапайым калкка чоң ыңгайсыздык жаратып, ишкерлер орчундуу чыгашага кабылышкан. Жээнбековдун бийликке келиши менен чегара маселеси толугу менен чечилгендей болду. Бирок, Андрей Чеботаревдун айтканын талдасак, маселенин дагы деле калдыгы бар. Ал кайсы бир күнү кайрадан сыртка каалгып чыгышы ыктымал. Ошол эле убакта кыргыз тараптын чегара көйгөйүнөн толук кутулууга да мүмкүнчүлүгү бар, эгер өкмөт башчы алмашылса.

“Силердин премьер-министр өткөн жылдагы конфликте “белгиленип” калганын эске салсак, бул Казахстан менен Кыргызстандын мамилесине бир катар терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Мындай кырдаалда, биздин бийлик үчүн оптималдуу вариант, албетте, силерде жакынкы аралыкта өкмөт алмашып, анын башчылыгына Атамбаевдин таасиринде калбаган адамдын келиши болот. Башка тарабынан караганда, эки өлкөнүн тең бийлигине жеке симпатия, же антипатиясына карап эмес, мамлекеттик кызыкчылыктын негизинде маселелерди чечүү зарыл”,- деп билдирген Казакстандагы “Альтернатива” борборунун директору.

Мындан улам кайсы жагынан караба, Сапар Исаковдун өкмөт башчылыгынан кетүүсү зарыл болуп тургандай. Бул президент үчүн да, эл үчүн да жана мамлекет үчүн да пайдалуу болмок.

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: