Menu

Жумабеков “жумуртка бышты, бышкан жок” дедиби?

Бөлүшүү:

Эбак чечилил калган маселени элдин алдына ачык айтпай, бүдөмүктөнтүү саясатчылардын анык иши эмеспи.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков “парламент тарайт-тарабайт” деген сөздөр тууралуу пикирин билдирип мунун артында азыркы депутаттарды атайын жаман көрсөтүү кызыкчылыгын көздөгөн саясатчылар турушу мүмкүн деп эсептерин айтты.

Журналисттер менен жолугушууда ал азыркы парламентти таркатууга себеп жоктугун, эгер кайра шайлоо болсо курулай гана чыгымга алып келерин, парламентти таратуу керекпи же жокпу, мыйзам боюнча депутаттар өздөрү гана чече аларын белгиледи. Ошол эле учурда спикер жаңы парламентке азыркыдан да мыкты, иштермандар келет деп эч ким кепилдик бере албастыгын кошумчалады. Буга чейин айрым маалымат каражаттары «учурдагы парламент мөөнөтүнөн мурун тарашы мүмкүн» деп жазып чыгышкан. Депутаттар бул тууралуу расмий деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрбөгөнүн айтып келе жатышат. Арийне, саясый аба ырай бул парламент көпкө жашабастыгын эбак эле айтып койгон. Муну түшүнүп турса да Жумабеков жомоктон чыга албай аткандай…

Булак: Майдан.kg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: