Menu

Кыргызстан жана Армениянын Премьер-министрлери кызматташуунун келечегин талкуулады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 23-январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуусунун алкагында Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян менен жолугушту.

Өкмөт башчылардын жолугушуусунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы маселелери жана келечектүү багыттары талкууланды.

Премьер-министр Сапар Исаков Евразиялык экономикалык биримдик жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин алкагындагы өлкөлөрдүн биргелешкен өз ара аракеттешүүсүн өнүктүрүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык санариптик күн тартиптин актуалдуу маселелерин, чет элдик инвестицияларды тартуу, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматашуунун көлөмүн жогорулатуу боюнча чараларды талкуулашты.

Кыргызстандын жана Армениянын Өкмөт башчылары интеграциялык бирикмелердин алкагындагы келишимдерди ишке ашыруу жана эки тараптуу мамилелерди комплекстүү өнүктүрүү боюнча активдүү иштерге даярдыгын билдирди.

Картинки по запросу Карен Карапетян и сапар исаковКартинки по запросу Карен Карапетян и сапар исаков

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: