Menu

Фото – Премьер-министр Сапар Исаков Эларалык Кызыл Крест комитетинин президенти Питер Мауэр менен жолукту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23 январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумунун алкагында Эларалык Кызыл Крест комитетинин президенти Питер Мауэр менен кезгишти. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу темасы жана мындан кийинки перспективасы талкууланды.

Өкмөт башчы Питер Мауэрге Кыргызстандагы түрдүү гуманитрадык программаларды ишке ашырып жаткандыгы үчүн ыраазчылык билдирди. Премьер-министрдин айтымында Кызыл Кресттин ишмердүүлүгү өлкөнүн калкы үчүн абдан маанилүү жана коомчулуктун ар кандай социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кызыл Кресттин Кыргызстандагы миссиясын кеңейтүү жана эки тараптуу кызматташтыктын чараларын талкуулашты. Кезигүүнүн соңунда Премьер-министр Сапар Исаков Эларалык Кызыл Крест комитетинин президенти Питер Мауэрди быйыл Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: