Menu

Облигация кармоочулардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөр кригизилүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Нурланбек Макеев баяндама жасады. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору баалуу кагаздар рыногунда иштерди жөнгө салуучу мыйзамдык базаларды, анын ичинде баалуу кагаздар эмитенттерин, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларын жана инвесторлорду өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

“Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” мыйзамга ылайык облигацияларды кармоочулардын чогулушуна жараша жаңы түшүнүк киргизилет, негизги функциялары көрүлгөн чараларга ылайыктуу болуп саналат, облигационерлердин кызыкчылыгын сунуштоо жана облигациялардын чыгарылышындагы шарттары проспектиде олуттуу өзгөртүүлөр боюнча макулдашуу болуп саналат.

Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына карата талаптарды КР Өкмөтү тарабынан бекитүү сунушталат. Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун капиталдарын эл аралык рынокторго интеграциялоо максатында жана мыйзамдын 18-беренесине өзгөртүү киргизилет, ага ылайык депозитарийлерге чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздарынын укук ээлеринин эсепке алуу укуктарын жүргүзүү укугун берүү зарыл.

Баалуу кагаздар боюнча тобокелдиктерин кыскартуу максатында аракеттеги мыйзамдын 35-беренесине толуктоо сунушталат, ага ылайык баалуу кагаздарды чыгаруунун өткөн жыйынтыгы болду же болбой калды деп таанылганга чейин баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоо ишке ашырылышы мүмкүн эмес. Мыйзам долбоору менен ошондой эле баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын биржалык инспекторун дайындоо укугу сунушталат, ал фондулук биржа Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сакталышына көзөмөлдү жүзөгө ашырууга, милдетке алмаштырууга жана биржалык инспекторлордун санын 3кө чейин көбөйтүүгө ыйгарым укуктуу.

Талкууда эл өкүлдөрү долбоордогу айрым терминдердин кеңири, так, элге түшүнүктүү болгондой чечмелениши зарылдыгын белгилешти. Ошону менен катар Өкмөт тарабынан кандай гана мыйзам долбоорлору сунушталса дагы колдоого алып келе жатышканын айткан депутаттар баалуу кагаздар рыногунда көзгө көрүнөрлүк ийгиликтер болбой жатканын сынга алышты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: