Menu

Премьер-министр Сапар Исаков Швейцариянын Мамлекеттик экономика министри Йоханн Шнайдер-Амманн менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23-январда, Давос шаарында (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу алкагында Швейцария Конфедерациясынын Мамлекеттик экономика министри Йоханн Шнайдер-Амманн менен жолугушту.

Жолугушууда актуалдуу темалар, ошондой эле кыргыз-швейцар кызматташтыгынын келечектүү тармактары талкууланды.

Өкмөт башчы кыргыз тарап мамлекеттер аралык эки тараптуу өз ара мамилелерди мындан ары карай өнүктүрүүгө өзгөчө маани берээрин баса белгиледи.

Премьер-министр билдиргендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан «Таза Коом» санариптик трансформациялоо программасын жана 2018-2023-жылдарга «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасын ишке ашыруу боюнча активдүү иш жүргүзүлүүдө.

Сапар Исаковдун айтымында, аталган программалардын негизги компоненттерин ишке киргизүүдө чет элдик инвестицияларды тартуу каралууда, буга байланыштуу швейцариялык тарапты аларды ишке ашырууга катышуу мүмкүндүгүн карап көрүүгө чакырды.

Мындан тышкары, тараптар Евразия өлкөлөрү ортосундагы өз-ара байланыштарды жайгарууга жана инфраструктураны түзүүгө багытталган «Бир алкак – бир жол» (Улуу Жибек Жолунун экономикалык алкагы) долбоорун ишке ашыруу боюнча чараларды талкуулады.

Өз кезегинде Швейцариянын Мамлекеттик экономика министри Йоханн Шнайдер-Амманн Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда алдыңкы технологиялар менен колдоого даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле Премьер-министр Сапар Исаков Йоханн Шнайдер-Амманнды Кыргызстанга жумушчу сапар менен келүүгө чакырды, буга жооп катары ал сапарын үстүбүздөгү жылдын июль айына пландаштыраарын билдирди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: