Нидерланды соту Казакстандын Улуттук фондунун 22 миллиард доллар өлчөмүндөгү активдерин камакка алуу чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу Казакстандын Юстиция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-январда Амстердамдын округдук соту казак Улуттук фондунун «New York Mellon банкында сакталып турган активдерин камакка алуу чечимин жокко чыгарды.
«Сот Казакстандын Улуттук банкы жана Юстиция министрлигинин позициясы менен макул болуп, Улуттук фонддун активдери кол тийбес деген чечим кабыл алды», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Министрликтен фонддун активдерин «камакка алуу боюнча ушундай эле болжолдуу чечим» Бельгиянын сот органдары тарабынан кабыл алынганы белгилешип, учурда ал боюнча даттануу иштери улантып жатканын айтышты.
Декабрда New York Mellon банкы Казакстандын Улуттук фондуна таандык 22 миллиард доллардан ашык каражатты камакка алганын билдирген. Мындай чечим Казакстан өкмөтү менен молдовалык инвестор Анатол Статинин ортосундагы узакка созулган соттук териштирүүлөргө байланыштуу кабыл алынган. Стати казак бийлигинин аны инвестициялардан кол жуудуруу аракетинин курмандыгы болгонун айтып келет.
Казакстандын Юстиция министрлигинен сот Статини казак тарака сотко кеткен чыгымдардын ордун толтуруп берүүгө милдеттендиргенин кошумчалашты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ