Menu

Мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы коррупциялык кызыкчылыктар кагылышын четтетүү жолу сунушталды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү коррупциялык кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүгө багытталган “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам  долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар тобу.

Демилгечилердин айтымында, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү кылмыштар коомдук коркунучтуулугу менен айырмаланат. “Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү коррупциялык кызыкчылыктар кагылышын четтетүү зарыл. Мыйзамдагы аффилирленген жак катары тааныла турган акционердик коомдун акцияларынын жалпы санынын 20 жана андан ашык пайызына ээлик кылуу фактысын белгилеген ченемди алып салуу керек”, – дейт баяндамачы-депутат Мирлан Жеенчороев.

Ошентип, сунушталган мыйзам долбоору кабыл алынса, мамлекеттик саясый кызмат орундарын, саясый муниципалдык кызматтарды, атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдардын, уюштуруучулар менен (же) катышуучулардын жакын туугандары акцияларга ээлик кылуу үлүшүнө карабастан аффилирленген жак болуп саналат. Демек, мамлекеттик сатып алуу жүрүмүнө кайсы бир өлчөмдө, мисалы, бир пайыз акциясы бар сатып алуучу уюмдардын аффилирленген жактары катыша албайт.

Демилгечилердин пикиринде, мындай өзгөртүүлөр мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү жүрүмгө катышкан кызмат адамдарынын арасында коррупция деңгээлинин төмөндөшүнө, бирдей атаандаштыкты камсыз кылууга, тапшырык ээси болуп саналган мекемелер товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга бюджеттик каражаттардын чыгымдалуу көлөмүнүн азайышына өбөлгө түзөт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: