Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев үстүбүздөгү жылдын 20-январында Бишкек-Ош жолунун 264-чакырымында Чычкан капчыгайында бензовоздун катышуусунда орун алган жол транспорт кырсыгынын фактысы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө Дайыр Кенекеев акыркы учурда бензовоздордун катышуусу менен жол кырсык фактылары арбып жаткандыктан, аталган окуя республиканын жарандары арасында кооптонууларды жаратып жаткандыгын белгиледи. Буга байланыштуу кеңешмеде күйүүчү-майлоочу материалдарды коопсуз жол менен ташуу маселеси каралды.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө күйүүчү-майлоочу материалдар өлкөнүн түштүгүнө Бишкек-Ош жолу аркылуу автоунаа транспорту менен жеткирилет. Бирок аталган маршрут өзгөчө кыш мезгилинде абдан татаал болуп эсептелет.
Күйүүчү-майлоочу материалдарды коопсуз ташууну камсыз кылуу максатында вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев тийиштүү мамлекеттик органдарга КММ республиканын түштүгүнө темир жол транспорту аркылуу жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карроо, аны менен катар Өзбекстан Республикасы менен темир жол аркылуу жүк ташуу тарифтерин төмөндөтүү боюнча маселени иштеп чыгуу тапшырмасын берди.
Ошондой эле Дайыр Кенекеев чоң жүк ташуучу унаалар жана бензовоздордун катышуусундагы жол кырсыктардын санын азайтуу максатында күйүүчү-майлоочу материалдарды ташуучулар менен техникалык жана экологиялык коопсуздуктун сакталышы боюнча алдын алуу чаралар жыйындысын өткөрүү тапшырмасын берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ