Menu

Фото – Аксы районунда элдик жыйын курч суроолор менен өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24- январда  Аксы районунун “Билимкана” ордосунда  элдик жыйын болуп өттү. Бул туурасында  ыйгарым укуктуу  өкүлдүн басма сөз катчысы малымдады. Элдик жыйындын ишин Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов алып барды. Жыйындын ишине ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары  Ырысбек Ызабеков, “Мамлекеттик камсыздандыруу  уюму” ААКсынын башкармалыгынын төрайымы Жумагүл Эгембердиева, “Жалалабатэлектро” ААКсынын директору Кеңешбек  Маматканов, КР нын Өзгөчө кырдаалдар министринин  областтык башкармалыгынын башчысынын орун басары, капитан Замир Дүйшөбаев баштаган бир катар областык тармактын жетекчилери катышты.

Аксы районунун  акими  Масалбек Мырзамамытов  2017-жылда аткарылган  иштер туурасында кыскача маалымат берди. Тактап айтканда, райондогу 78 күнөсканадан  500 тоннага жакын түшүм алынды. Учурда район боюнча 205 миң кой –эчки, 41 миң кара мал жана 12 миң жылкы бар.Өткөн жылы 8 даана жаңы  айыл чарба техникалары алынды.  Мындан сырткары 8км.252 метр жолго жаңы асфальт төшөлдү.

Элдик жыйындын катышуучуларына “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” АКК сынын төрайымы Жүмагүл Эгембердиева  өткөн жылы турак –жайлары камсыздандырылган жарандарга  6 млн. сом төлөнүп берилгендигин айтты жана турак жайларды камсыздандыруу ар бир жаранга зарыл экендигин, табигый кырсыктар менен өрт айттырбай келээрин алардын эсине салды.

Элдик жыйындын катышуучулары  жаңы конуштарга  электр линияларын киргизүү, эскирген электр мамыларын алмаштыруу, таза суу маселелери боюнча көптөгөн суроолорду беришти. Райондун кадырман ардагери  Кеңеш Ибраимов “Ак-Терек” каналы туура эмес долбоор менен курулуп жатат деген пикирин билдирди. Мындан сырткары балдар бакчаларынын жетишпей жаткандыгын  жыйындын катышуучулары тынчсыздануу менен билдиришти. Райондун акими Масалбек Мырзамамытов 2018-жылы райондун аймагына 16 км. жаңы асфальт төшөлөрүн ортого салды.

Ыйгарым укуктуу өкүлдун орун басары Ырысбек Ызабеков элдин сунуштары эске алынарын жана бул көйгөйлөр 2018-2023-жылдардын аралыгында аткарылуучу иш планга киргизилерин билдирди. Бүгүн айтылган көйгөйлүү маселелер тиешелүү министрликтерге жеткирилээрин айтты. Мындан сырткары  жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү, ирилештирилген  айыл чарба кооперативтерин  уюштуруу  жана пайдаланылбай калган айыл чарба аянтарын кыскартуу маселесин ортого салды.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: