Menu

“2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын” негизинде 83 китеп жарык көрдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда 2017-жылы мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө жана кыргыз адабиятын изилдөөдө бир катар алгылыктуу иштер жасалды. Кыргыз тили жана адабияты синхрондук жана диахрондук планда изилдөөгө (2016-2020-ж.)  алынып, КРнын “2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын” негизинде жалпы адабият жана тил багыты боюнча 83 китеп жарык көрдү.

Бир жылдык убакыттын ичинде  “Айтматов энциклопедиясынын” 3 томдугу, “Кыргыз адабиятынын тарыхынын”,  “Эл адабияты”, “Окурмандын китеп текчесине” “Манас” “Классикалык изилдөөлөр”, “Айтыш” серияларынын ондогон томдуктары, ошондой эле “Байыркы кыргыз тили” жана “Чет тилдер сөздөрүнүн түшүндүрмө сөздүгүнүн” 1-2-томдору басылып чыкты. Кол жазмалар бөлүмүндө архивдик материалдарды электрондук вариантка өткөрүү иштери  улантылууда. Республикалык-илимий басылмаларга 61, чет өлкөлүк басылмаларга 23, анын ичинен РИНЦ системаларына кирген басылмаларга 19 изилдөө жарыяланды.

Институт КРнын бир топ алдыңкы жогорку окуу жайлары менен тыгыз байланышта болуп, илим изилдөө иштеринин жарыяланышына, кандидаттык жана докторлук диссертацияларды талкуулоого жетекчилик кылды. Учурда күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүндө 78 аспирант  бар.

Илимий мекеме КРдагы Түштүк Кореянын элчилиги, Дүйнөлүк эпостордун борбордук комитети (КЭР), РФнын элчилиги, Евразия университети (Казакстан), Түрк академиясы (Астана), Кастомону университети (Түркия) “ТҮРКСОЙ”, М.Ауэзов атындагы Адабият жана маданият институту, “ЮНЕСКО” иштери боюнча улуттук комиссия менен иштешип келе жатат.

Бир жыл аралыгында илимий кызматкерлер Россияда, Казакстанда, Түркияда, Австрияда, Польшада жана Кытайда өткөн эл аралык илимий, илимий-практикалык конференцияларга семинар, тренингдерге катышып докладдарын окушту.

Маалымат үчүн:

Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда 88 кызматкер эмгектенет. Алардын ичинен 81 илимий кызматкер, 7си илимдин доктору, 16сы илимдин кандидаты. 35 жашка чейинки жаш илимий кызматкерлер эмгектенгендердин жалпы 61% түзөт. Институтта жалпысынан алты бөлүм бар: “Манас” таануу”, “Фольклор жана акындар поэзиясы бөлүмү”, “Кыргыз адабиятынын тарыхы жана теориясы бөлүмү”, “Кол жазмалар фондусу, Азыркы кыргыз тил илими багыты”, “Мамлекеттик тил жана социолингвистика багыты”, “Чет тилдер кафедрасы” бөлүмү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: