Menu

ФСБнын башчысы Александр Бортниковдун жашырылган мүлкү тууралуу жазган Russiangate сайтына бөгөт коюлду

Бөлүшүү:

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) башчысы Александр Бортниковдун декларацияланбаган мүлкү тууралуу иликтөө жарыялаган Russiangate сайтына үч сааттан кийин бөгөт коюлду. Бул тууралуу долбоордун башкы редактору Александриана Елагина Твиттер баракчасына жазды.

Сайтка кирүү мүмкүндүгүнөн дароо Орусиядагы бир нече ири провайдерлердин, анын ичинде МГТС жана МТСтин кардарлары ажырашты.

Роскомнадзордун маалыматы боюнча, сайттын ишине массалык башаламандык уюштуруу чакырыктары жазылган ресурстарга бөгөт коюу тууралуу мыйзамдын негизинде чектөө киргизилүүдө. Мындай өтүнүч менен мекемеге Башкы прокуратура кайрылган.

Елагина басылма бул боюнча эч кандай эскертүү албаганын айтып, иликтөөнүн тексти башка көз карандысыз платформага жарыяланарын убадалады. Учурда ал Telegra.ph сайтында жеткиликтүү.

Иликтөөдө Бортников менен анын орун басары Сергей Смирнов Петербургдун эң кымбат райондорунун бириндеги кыймылсыз мүлктөрүн декларацияларына киргизбегени жазылган. Анда автор алардын ээлери тууралуу маалыматтарды Росреестр мекемеси атайылап жашырганын билдирген. Бортниковдун декларациясында 28 сотых жер тилкеси жана андагы 48 жарым миллион рублдик объектилер көрсөтүлгөн эмес. Russiangate сайтынын маалыматы боюнча, 2011-жылдын августунан бери ага ФСБ башчысы менен аты уйкаш адам ээлик кылып келсе, өткөн жылдан тарта анын ээси тууралуу маалымат жок болуп калган. Мындай жер тилкесинин базардагы баасы 300 миллион рублге чейин жетиши мүмкүн. Иликтөөдө ФСБ башчысынын коңшусу анын орун басары, генерал Сергей Смирнов экени белгиленген. Анын декларациясында дагы аталган мүлкү көрсөтүлгөн эмес.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: