Menu

Видео – Фергананын башчысы кол алдындагыларды «салпаяктар» деп тилдеди

Бөлүшүү:

Интернетте Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин Ташлак районунун жашоочулары жана аткаминерлери катышкан селектордук кеңешмедеги сөздөрү жазылган аудио пайда болду.

Анда облус башчысы 18-январда Казакстандагы автобус кырсыгында каза болгон өзбекстандыктардын 16сы Ташлак районунун тургундары болгонун баса белгилеген.

Ганиев райондун бийлиги менен жашоочулары жаштарды Өзбекстанда кармап кала албай, «аймакты уят кылганын» билдирип, бул үчүн жергиликтүү тургундар ажылык сапарга баруу мүмкүндүгүнөн ажыратылышы мүмкүндүгүн айтты.

“Ташлак районунда бир нече салпаяк бар! Салпаякты салпаят деш керек! Ташлактан ажылык сапарга эч ким барбайт! Эч ким! Бардыгын тизмеден чыгаргыла! Кантип Орусияга бойдок балдарды жөнөтүүгө болсун? Алардын ата-энелери кайда эле? Же алардын көзү сокурбу? Кааласа эртең мага даттанышсын. Облусубузду бүтүндөй республикага уят кылдыңар!” – деген ал.

Ганиев ошондой эле район бийлигинен жашоочуларды Орусияга кетип жаткан автобустар менен таксилерден алыс кармоону талап кылды. «Алардын баары тең учак же поезд менен эмес, унаалар менен кетишкен. МАИ башчылары менен таксилер токтогон жерлерди кыдырып чыгасыңар. Мигранттарды оңой эле таанууга болот, адатта алар чоң баштыктарды көтөрүп жүрүшөт», — деди Ганиев.

18-январда Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Чымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, 52 киши каза тапкан. Алар Орусияга иштегени бараткан өзбек жарандары болуп чыккан. Автобуста жалпысынан 57 киши бараткан. Бешөө ар кандай жараат алып, ооруканага жаткырылган. 23-январда маркумдардын сөөгү жерге берилген. Казакстан ИИМи автобуста өрт «отту этият пайдаланбагандыктан улам» чыккан деген расмий версияны атаган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: