Милицияда кимдин аркасынан ким телчигип, карьера жасаганы бизге беш колдой белгилүү. Учурдагы Чүй ОИИБнин башчысы Нурлан Сарчаев опер кезинде көп кыйынчылыктарды көргөнү, полковник Жеңиш Жоробеков ага бир тууганындай мамиле кылганын билебиз. Жумуштан ыргып кетеринде Жеңиш мырза коргоп, үй-бүлөсүнө чейин кам көрүп, жылуу мамиледе болчу. Өзү тарбиялап өстүргөн. Тилеккке каршы, эми Сарчаев чоңоюп алгандан кийин өзүнүн устатын тоготпой, “Данияр Абдыкаров менин шефим, анын айтканын гана кылам” деп отурат. Ооба, бүгүн Абдыкаров министрдин орун басары, ИИМди көзөмөлдөп атат. Ал эми Жоробеков Каракол ШИИБнин начальниги, убактылуу кызматтык чегинүүдө. Кызык факты, күбөлөр бар, кечээ эле Жоробеков үчүн Сарчаев мончо уюштуруп, өзү жонун жышып жүрбөдү беле? Кол бала болуп, кулдук уруп дегендей… Эми тыңсынып калса, уят го? Эртең заман өзгөрсө кантип актанат ыя?..
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ