Menu

Тууну жерге төшөгөндөргө чара көрүлөбү?

Бөлүшүү:

Ар бир мамлекеттин символикасы болуп саналган туусу менен гимни ыйык сактала тургандыгы айтпаса деле белгилүү. Жада калса согуш учурунда да жоокерлер тууну жерге ташташпай, өз өмүрүнөн жогору тутушат. Мисалы, 2010-жылы 7-апрель төңкөрүшүндө Ала-Тоо аянтында ок атылып, адамдар өлүп, талап-тоноочулук болгондо да  эң негизги туубузду эки жоокер таштап кетпей турушкандыгы кийин эл тарабынан эрдик катары айтылып жүрдү. Бирок өткөн жумада ордолуу Ошто мына ушул ыйык символикабызга бир кезде кайдыгер мамиле жасалгандыгы ачыкка чыкты. Сулайман-Тоо музей комплексинин мурунку кызматкери А. Маразыков “музейдин жертөлөсүн оңдоо учурунда туу таштанды топтош үчүн жерге төшөлдү” деп, бир нече сүрөттү Интернетке жарыялады. Ал Кыргызстандын башкы символдорунун бири тепселиши үчүн Сулайман-Тоо архитектуралык музейинин жетекчиси А. Кангелдиевди айыптаган. Мындан тышкары ал мындай иш мыйзамга каршы келээрин айтып, музей жетекчилигин жазага тартууну да талап кылды. Ал эми А. Кангелдиев полго төшөлгөн туунун окуясы ал жетекчи болуп келгенге чейин болгонун, ага жооптуу эмес экенин айтып актанды. Жетекчинин айтымында, туунун чыры иштен кеткен кызматкердин таарынычынан улам жаралыптыр. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик символ катары бекитилген желекти өрттөгөндөр, жырткандар жана башка туура эмес нерселерди жасагандар жоопкерчиликке тартылат. Эмнегедир бул окуяга азырынча бир да мамлекеттик жетекчилер ак же көк деп жооп кайтарыша элек.

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: