Menu

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзамга кол коюлду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын  Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам  Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – жол коопсуздугу  эрежелерин  түздөн-түз  бузган адамдардын гана эмес, жол-транспорттук кырсыгына  тиешеси бар  башка  катышуучулардын – жөө жүргүнчүлөр жана мындай транспорт каражатын эксплуатациялоого жооптуу  адамдардын дагы жоопкерчилигин жогорулатуу аркылуу жол-транспорттук кырсыктарды кыскартуу.

Каралган жазалардын санын кыскартуу жана алардын мөөнөтүн жана көлөмүн конкреттештирүү жолу менен күнөөлүү адамды жоопкерчиликке тартууда  коррупциялык тобокелдер  азайтылат.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281(Кыймыл коопсуздугу жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу), 284 (Мас абалындагы адамга   же транспорт каражатын башкарууга укугу жок  адамга транспорт каражатын башкарууга жол берүү) жана 285 (Транспорттун коопсуз ишин камсыз кылган эрежелерди бузуу) статьяларына   киргизилген  өзгөртүүлөр жазаны катаалдаштырат жана конкреттештирет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: