Menu

Полковник Каниметовдун ГУБОПтон кетиши менен кылмышкерлер кадимкидей баш көтөрүштү

Бөлүшүү:

ИИМ системасында көздүн карегиндей болгон баалуу кадр Мирлан Каниметовду жалпы коомчулук жакшы билет. Укук коргоо органдарындагы бүтүндөй өмүрүн кылмышкерлер менен күрөшүү бөлүмүнө арнап, кезегинде кадимки Рысбек Акматбаевдин көзгө атарлары менен жалтанбай ок атышкан эрдиги кыргыз кыйырына дүң болгон. Андагы жаш майор Каниметовдун жалтанбаган жүрүшүнө суктанышкан өлкө жетекчилиги дароо каарманыбызга «Эрдик» медалын ыйгарышканы бар. Бул эми өткөн чак дейли. Соңку үч жылда Мирлан Каниметов ИИМ алдындагы ГУБОП кызматын жетектеп, өлкөдөгү баш көтөргөн негизги кылмышкерлердин баардыгын кынга киргизген. Бул талашсыз факт. Туура бир жыл мурун каарманыбыздын ГУБОПтон кетиши менен өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтордун башчылары кадимкидей жанданганы ачыкка чыга баштады. Бир кездери профессионал кадрдын карандай мээнети менен кынга киргизилген «Дөөсү», «Бөөсү» баш боло, «Женгосу» төш болуп учурдагы абийирсиз соттор тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулууда (бир «Сакалдан» башкасы). Колун канга боёшкон калган майда-чүйдө чабактарын айтпай ак коёлу. Мунун айынан өлкөбүздүн кайсы аймагы болбосун түнү менен карактап, ага да алымсынбай атып кеткен көрүнүштөр соңку алты айда көбөйгөнүн кайда катабыз? Чүйдөгү, Оштогу оор карактоолор менен атып кетүүлөрчү? Көрдүңөрбү, каарманыбызды кыргызга кымбат кезегинде барктабай, натыйжада уюшкан кылмыштуу топтордун алдында өлкөбүз «жатып бергендей» элести туюнтууда.

Канжар БОРПОШОВ

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: