«Бир Бол» фракциясынан Алмасбек Акматов деген депутат бар. Убагында Курманбек Бакиевдин «бөтөлкөлөш досу» болуп жүрүп, Эсеп палатасынан кыйла байып, кийин жаңы бийликке эрмешүүгө аракет кылганынан майнап чыккан эмес. Акыры «Бир Болго» 500 миң доллар берип депутат болгону эл арасында каңкууланып келет. Учурда депутаттык мансабына манчыркап калганбы, айтор, Акматов мурдун кызартып алып, УКМК төрагасынын орун басары Болот Сүйүнбаевди тар чөйрөдө жамандап жүргөнүн мойнуна алабы? Айтмакчы, УКМК системасында Акматовдун баласы да иштейт. А эмне себептен эми кежирленип, чоңдорго тийишип атат, ыя? Бирди көргөнү калганбы?..
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ