Menu

Темирбек Асанбеков, “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери: “Сабырдуулугум мени көп ийгиликтерге жеткирди”

Бөлүшүү:

Чындык деп ар убак чыркырап келген, ар кандай саясий кырдаалдарда кошоматчыга айланбай өз пикирин сыйлап, принципке бек турган азаматтарыбыздын  бири – Темирбек Асанбеков. Ал бала чактан баштап кан кечкен аскердик күндөрү, мигрант болуп мусаапыр болгон жылдары, азыркы принциптери тууралуу агынан жарылып айтып берди.

– Бала чактан тилеген тилектериңизге жеттиңизби?

– Балалыгым  Көл калаасында өттү. Тогуз бир тууган элем, 60-жылдары катуу эпидемия беш бир тууганымдан ажыраткан. Эки кыз, эки уул калып ата-энебиз бизди өнтөлөп чоңойтушту. Алдыма койгон максаттарыма Кудай буйруса жеттим. Ал кезде дүйнө бизге Москва эле сезилчү да. Москвадан окуйм дечү элем. Ал жактан жогорку окуу жайды бүтүрүп, агроном кесибине ээ болдум. Элге кызмат кылам дечү элем, колдон келишинче аракет кылып жатабыз.

– Студенттик күндөр эмнеси менен эсте калды?

– Ал чакта ката кетирген , жокко учураган күндөр көп эле болду.  Студент кезимде болгон окуяны айтып берейин . Окуп жүргөндө группада староста элем. Бир жолу деканатка барып бардык студенттердин бир айлык стипендиясын алып , таратып берүүгө жатаканага сапар алдым . Орто жолдон апама жазган катымды жөнөтүп, мүмкүнчүлүк болсо телефон аркылуу да кабарлашып коёюн деп почтага кирдим . Почта кызматкери менен маектешип отуруп лотерея оюнунун жыйынтыгы жарыяланган газетаны байкадым . Кез-кезде сатып алган лотерея билеттерим бар эле, отуруп ошону текшердим. Албетте, эч нерсе жок. Андан кийин сапарымды уланттым. Жатаканага келсем группалаштарым мени күтүп калыптыр. Баарыбыз чогулуп портфелимди ачсам эле… Студенттердин стипендиясы жок . Кыскасы, лотерея текшерип жатканда көңүл бурбай жанымдагы акчамды уурдатып жибериптирмин. Ошол күнү капа болгонум бүгүнкү күнгө чейин эсимде . Болгон тааныштарымдан карыздап акча чогултуп, бир аптада группалаштарымдын баарынан кутулгам.

– Жогорку билимиңиз менен кантип мигрант болуп калдыңыз?

– Москвада жогорку окуу жайын аяктап жатканда СССР чачырап, эгемендүүлүк алган мамлекеттер өтө оор саясий-экономикалык шарттарга келип такалган. Ошол мезгилде диплом алып Кыргызстанга келсек, жогорку окуу жайында билим алып келген жаштар эмес, көп жылдардан бери эмгектенген тажрыйбалуу айыл чарба кызматкерлери иш таппай калышыптыр . Айылга барсак элдин баары жер-суу бөлүшүп башаламан. Мындай көрүнүшкө жүрөгүм ооруп турмуштук маселемди чечүү  максатында чет өлкөгө миграцияга кетүүгө мажбур болгом.

– Чет жерге барганда эле жогорку кызматтан баштаган жоксуз да?

– Ооба, барганда курулушта, тейлөө кызматтарында, жүк ташып дегендей кара жумуштарда иштеп жүрдүм. Ал кезде Россия мамлекетинде да экономикалык шарттар оор болгон . Алгачкы ишти Москва шаарында бир окуу жайда окуган досторум менен тейлөө тармагына багытталган жеке ишкананы уюштуруудан баштаганбыз . Тажрыйба топтолуп өз алдымча кетүүгө көзүм жеткенден кийин курулуш иштерин аткаруу компаниясын негиздедим. Кийинчерээк чет элдик компаниянын Россиядагы жетекчи өкүлү болууга сунуш түшүп макулдугумду бердим. Кол астымда 6 миңден ашык адам иштечү, ал жерден ич ара коллектив менен мамиле түзгөндү үйрөндүм. Кийинчерээк инвестиция уюштуруу фондун негиздеп , финансы уюмунун акционери болдум . Ал эми 2010 – жылы өз каалом менен бизнес иштеримди токтотуп кыргыз жарандыгын алып , ” Мекен  Ынтымагы ” саясий партиясын негиздеп, туулуп-өскөн Кыргызстаныма көчүп келдим.

– Саясатка кадам таштаганыңызды бул жактагы туугандарыңыз кандай кабыл алышты?

–  Ата-энем айылдык жөнөкөй адамдар. Атабыз финансы кызматкери болуп областтык деңгээлдеги жетекчиликке жетишкен. Мен аскерде жүргөн кезде шум ажал арабыздан жулуп кеткен. Апабыз айыл чарбасында эмгектенип , көп убактысын балдарын өстүрүүгө арнаган. Учурда Ысык-Көлдүн Ананьево кыштагында инимдин колунда,          86 жашка чыкса дагы өзүнө тың. Улуу эжем жогорку билимдүү , физика илими боюнча көп жыл окутуучу болуп иштеди, азыр пенсияда. Бир тууган агам Ростов шаарында инженер-технолог болуп иштеп жатат. Карындашым үй-бүлөсү менен энелик милдетин аткарууда. Бир туугандарым менен сыймыктанам .  Менин өзүмө оор милдетти жүктөп, саясий иштерге аралашканыма чынында алар капа болушту. Бирок мен ишенем , эртеби-кечпи саясий иш-аракетим Кыргызстанды чоң өзгөрүүлөргө алып келип , кыргыз элинин турмуш деңгээлин көтөрүүгө жол ачат . Ошондо бир туугандарымдын маанайы көтөрүлүп жетине албай сыймыктанарына көзүм жетип турат .

– Оогастанга кызмат өтөөгө кандайча тандалып калдыңыз эле?

– Аскер милдетин аткаруу үчүн военкоматка келсек, узун бойлуу орус офицер ар бири менен жеке пикир алышууларды өткөрүп жатыптыр. Менин кезегим келгенде ар түрдүү суроолорду берип: “Орус тилин жакшы билет экенсиң”, – деп күлүп койду . Көрсө, тил билгендерди сержанттарды камдоо аскердик окуу бөлүмүнө тандап жатыптыр. Баарыбыздын саныбыз алтымышка жакын эле, ичинен 14үбүздү тандап алып , бизди Ооганстан мамлекетине кызмат өтүүгө камдап жаткан Ашхабад шаарындагы аскер окуу жайына алып келди. Ал жерден аскер даярдыгына такшалып, 3-4 айдан кийин баарыбыз Ооганстанда жайгашкан ар түрдүү аскер бөлүмдөрүнө тарап кеттик . Албетте, жарадар болгондор да , каза болгондор да болду . Азыр бирге кеткен жигиттердин алты-жетөөсү менен кабарлашып , достошуп турам . Өзүм да жарылуунун чачырандысынан жарадар болгом , азыр ден соолугум жакшы . “За отвагу” сыйлыгынын согуш ардагеримин.

– Кан көрүп калгандар кызуу кандуу болуп калышат эмеспи, сизде ал мүнөз барбы?

–  Башында түнт болуп, согуш талаасы көз алдыман кетпей жүрдү чынында. Мен ал күндөрдү эстегим дагы келбейт. Кызуу кандуу деле эмесмин, Кудайга шүгүр. Сабырдуулук мүнөзүм мени көп ийгиликке жеткирди.

–  Айымдарда сиз баалаган сапаттар келинчегиңизде барбы?

–  Мен ой жүгүртүүсү кенен, өзүнүн дене сыпатына көңүл буруп, айымдык назиктиги бар аялдарды урматтайм. Келинчегимде бул сапаттар болбосо балдарымдын энеси болбойт эле. Учурда жубайым чет өлкөдө жогорку окуу жайда окутуучу, балдарымдын мээримдүү апасы. Мен үчүн үй-бүлөм – турмуш түрткүсү , жашоо демилгеси жана келечек үмүтү.

– Үй-бүлөңүз чет жерде жашаса, балдарды кайсы тилде тарбиялайсыз?

–   Ар бир адамга айлана-чөйрөсү таасир этет эмеспи . Менин үй-бүлөм көп жылдар бою чет өлкөдө жашап калгандыктан , балдарым биздин үрп-адатты , улуттук мүнөздү , тилибизди терең түшүнө бербейт.  Азыр толук кандуу улуттук сезимде тарбиялоого аракет кылып жатам.

–  Казан-аяк кагыша кетсе ким биринчи ак желекти  көтөрөт?

–   Илимий жакка көбүрөөк көңүл буруп , үйдөгү ич ара казан-аяк маселелеринен алысмын. Урушпаган, таарынышпаган үй-бүлө болбойт. Казан-аяк кагышып чагылган боло түшкөндө, унчукпай башка жакшы бирдемени ойлонуп олтуруп алам.

– Учурда эмне иш менен алек болуп жатасыз?

– Бир ишти баштагандан кийин  ары-бери кайпактабай, туура жыйынтыгын чыгаруу өтө маанилүү. 2010- жылы түптөп , бүгүнкү күнгө чейин туруктуу саясий -экономикалык багытты сактап , өзүм жетектеген “Мекен Ынтымагы” партиясынын иштери менен алекмин.

Ызаат Тургунбаева

Булак: Леди.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: