Menu

Видео – Ташкентте классташын куткарам деп 10 жаштагы бала өзү сууга чөгүп кетти

Бөлүшүү:

Классташын сактап калууга аракет жасап, бирок өзү сууга чөгүп кеткен 10 жаштагы Абдулла Рузибоевди жерге беришти. Трагедия 21-январда Алмазар районундагы сууканалда болгон.

10 жаштагы Абдулла Рузибоев классташы Шохжахон Рузибоев экөө мектептен үйгө келе жатышканда досу каналга кулап кеткен. Абдулла муз болгон сууга түшүп Шохжахонду куткарып, бирок өзү чөгүп кеткен.

– Суу шар акчу. Абдулланын денесин эки күндөн кийин ал чөгүп кеткен жерден бир чакырым алыс аралыктан таптык, – деди өлгөн баланын кошунасы.

​21-январда Интернетте ӨКМ куткаруучулары 10 жаштагы баланын денесин издеп жүрүшкөнү тартылган видео тараган.

https://www.facebook.com/uzbek.trend/videos/805741556292854/

Абдулла Рузибоев мектепте мыкты окуган. Алмазар районунун Кара-Камыш массивинин жашоочуларынын айтымында, көп кабаттуу үйлөрдү бойлой аккан канал темир тосмолор менен курчалган эмес. Буга байланыштуу жергиликтүү жашоочулар үчүн коркунуч жаратып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: