Menu

Жер кодексине, Айыл чарба быгытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине,  «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам  Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – айыл чарба багытындагы жерлерди пайдаланууга берүүдө айыл чарба кооперативдери менен дыйкан (фермер) чарбаларына бирдей шарттарды түзүү, ошондой эле жер үлүшүн же  айыл чарба багытындагы жер участокторун сатып алууда артыкчылыктуу укук берүү жана кооперативдик системаны мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү.

Республикабызда  кооперативдик системаны өнүктүрүү экономикалык потенциалды чыңдоодо, чарба жүргүзүү шарттарын жакшыртууда, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу көйгөйлөрүн чечүүдө жана товардык продукциянын өсүшүнө өбөлгө түзүүдө өзгөчө роль ойнойт.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, айыл чарба багытындагы жерлерди пайдаланууга берүүдө ошол айылдык аймактын аймагында жашаган, үй-бүлөсүнүн бир мүчөсүнө алганда 0,10 гектардан  аз жер участогу (айдоо жери) бар жана бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган Кыргызстандын жарандары жана ошол айылдык аймактын аймагында катталган жана иштеп жаткан айыл чарба кооперативдери артыкчылык укугуна ээ болот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: