Актөбө облусундагы автобус кырсыгында аман калган Казакстандын үч жаранын прокуратура кызматкерлери ооруканадан чыгарып кетишти.
Оорукананын башкы дарыгери Ракымжан Арыстандын айтымында, шаршемби кечинде бейтаптарды прокуратура кызматкерлери белгисиз тарапты көздөй алып кетишкен. Азырынча аларга кандайдыр бир айып тагылган-тагылбагандыгы белгисиз. Кырсыктан аман калган эки өзбек жараны учурда ооруканада дарылануусун улантышууда.
Актөбө облустук прокуратурасынын аппарат жетекчиси Жасулан Даулембаев окуя боюнча кеңири маалымат жакынкы брифинг маалында айтыларын билдирди.
18-январда Казакстандын Актөбө облусунда Өзбекстандын жарандары бараткан автобус өрттөнүп кеткен. Анын жыйынтыгында автобустун ичиндеги 57 кишинин 52си каза таап, бешөөсү, анын ичинде айдоочулар аман калышкан. Казак бийлиги өрттүн чыгуусуна «отту этиятсыз пайдалануу» себеп болгонун билдирген.
Аман калган беш киши ошол эле күнү учак менен облус борборундагы ооруканага жеткирилип, медициналык текшерүүдөн кийин реанимация бөлүмүнө жаткарылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ