“Ата Мекен” партиясынын депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча дагы бир шектүү киши Москва шаарынан кармалды. ИИМдин маалыматына караганда, 35 жаштагы А.А. аттуу жаран Токмок шаарынын тургуну экени аныкталды. Мурда ал талап-тоноо, каракчылык жана киши өлтүрүү үчүн соттолгон. Шектүүнү кармоого Орусиянын Ички иштер министрлиги да көмөк көрсөткөн. Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатат. Буга дейре 28-декабрда кылмыш боюнча шектүү катары Э.О. аттуу киши кармалган болчу. Анын жанынан Салянов атылган “Макаров” тапанчасы 17 огу менен табылганы да кабарланган. Эске сала кетсек, Улан Саляновду 6-ноябрда белгисиз бирөөлөр Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ