Чүй облусттук төрөт үйүндө операция аркылуу төрөгөндөн кийин абалы оорлоп комада жаткан эне 20-январь күнү көз жумду. Эсиңиздерге сала кетсек, Токмок шаарынын 42 жаштагы тургуну Роза Жусубалиева 15-январь күнү операция жолу менен төрөгөн. Ал андан кийин аппараттын жардамында жасалма дем алып жаткан. Анын туугандары дарыгерлер жаңылыштык кетирди деп нааразы болушкан эле. Маркумдун кайын энеси Зейнеп Жакшыбаеванын айтымында келини бир ай мурун боюнан түшүү коркунучу болгондуктан Чүй облусттук төрөт үйүнө которулган. «Ал ымыркайды сактоо үчүн бир ай ооруканада жатты. Келиним 15-январь күнү өзүн жаман сезгендиктен өзүм келдим. Кечинде кан жоготуп, ага операция жасалды. Алгач ага күчтүү наркоз беришип, операция учурунда гана жалпы наркоз сайышты», – деди ал. Оорукананын маалыматы боюнча, саат 18:55 чамасында кан кетип, бардык тиешелүү чаралар көрүлгөн. Төрөт үйүнүн жетекчиси Шайыргүл Узагалиеванын айтымында, операция тиешелүү эрежелер менен жасалган. Операция аркылуу жарыкка келген ымыркай 2 кг 800 грамм салмактагы уул бала. Ал маркумдун бешинчи төрөтү.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ