Адилетсиз жагдайда кылмыш иши козголуп, генералдык чининен ажыраган мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиевди ушул күндөрү колдоп чыккандардын саны арбыды. Кечээ Куралдуу күчтөрдүн отставкадагы бир катар аттуу-баштуу генералдары менен полковник, офицерлери эл уулуна карата фемида өкүлдөрү аша чапкан, негизсиз чечим чыгаргандарына жандары ачып, коомчулукка кыргыздын жалтанбай от кечкен генералына карата соттор тарабынан адилетсиз саясат улантылып жатканын айыптап чыгышты. Ушул күндөрү «Кочкор коому» баштаган кичи мекениндегилер да кулунун коргоп, тээ Ооган, Баткен алааматтарында жалтанбай от кечкен сыймыктуу уулуна карата соттор тарабынан адилет чечим чыгышын талап кылып чыкканы турушат. Кадимки генерал Исмаил Исаков да Кочкордон чыккан Өмүралиевге карата бүгүн адилетсиз саясат жүрүп жатканын ачык айтып, жаны кейигени бар. Мындай шартта, бүгүнкү бийлик коомдук пикирди эске алуу менен Өмүралиевге карата адилет чечимди колдонушса эмнеге болбосун? Күтө туралычы, балким 31-январда шаардык сотто Такебизге акыйкат жүзүн буруп калаар.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ