Menu

Бердымухамедов жаңы курулуштардын долбоорлору менен таанышты

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ашхабадда курула турган бир катар жаңы имараттардын долбоорлору менен таанышты.

Мамлекеттик ММКлардын маалыматына караганда, өлкө борборунда бир нече жасалгалуу мейманкана, Эл аралык конгресс борбору, «Сенагат» жана «Түркмөнбашы» коммерциялык банктарынын имараттары, түркмөн акыны Махтумкулинин эстелиги жана жаңы өкмөттүк трибуна курулат.

Ашхабадда кымбат баалуу жаңы мейманканаларды куруу тууралуу өлкө башчынын чечими 9-январда жарыяланган. Бердымухамедов анда шаарды кыдырып, келечектеги объектилердин жайгаша турган жерлерин жеке өзү тандаган.

Жаңы имараттардын баасы расмий маалыматтарда көрсөтүлгөн эмес. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булактары кабарлашкандай, жаңы мейманкалардын курулушуна өлкө бюджетинен жүздөгөн миллион доллар сарпталышы мүмкүн.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, курулуш өнөктүгүнө мамлекет тарабынан жалпысынан 43 миллиард доллар өлчөмүндөгү каражат бөлүнгөн.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: