Menu

Казакстанда өрттөнгөн автобустун үч айдоочусу камакка алынды

Бөлүшүү:

Өткөн жумада Казакстандын Актөбө облусунда өрттөнүп кеткен автобустун айдоочулары убактылуу кармоочу жайга камалышты. Алардын үчөөсү тең Казакстандын жарандары. Бул тууралуу 25-январда Актөбө облустук прокуратурасынан билдиришти.

Айдоочулар транспорт каражатын пайдалануу эрежелерин бузуп, өрт коопсуздук эрежелерин сактаган эмес деп айыпталышууда. Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө автобустун өрттөнүп кетишине анын ичин жылытуу үчүн кандагыч лампа колдонулганы себеп болгону аныкталган.

Казакстандын Чымкент шаарынан Орусиянын Самара шаарына бараткан автобус 18-январда Актөбө облусунун Иргиз районунда өрттөнүп кеткен. Анда Орусияга иштегени бараткан Өзбекстандын 52 жараны каза таап, бешөөсү, анын ичинде үч айдоочу аман калган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: