Menu

Кыргыз-өзбек жана казак-өзбек чек араларында кайрадан кезек күтүүлөр болууда

Бөлүшүү:

Акыркы үч күндөн бери өзбек-казак чек арасындагы «Жибек Жолу» көзөмөл-өткөрмө бекетинде кайрадан узак кезек күтүүлөр жаралды. Бул тууралуу 24-январда чек арадан өткөн өзбекстандыктар Telegram мессенджери аркылуу маалымдашты.

«Чек арада жүздөгөн адам кезек күтүп турууга аргасыз. Бул казак тараптын адамдарды өтө жай өткөрүп жаткандыгына байланыштуу. Мен бир сааттан ашык кезек күтүп турдум», – деп билдирди өзбек жарандарынын бири.

Буга чейин өзбекстандыктардын көбү азык-түлүк баасы салыштырмалуу 30-40 пайызга арзан болгон Казакстандын базарларына тез-тез каттап тура тургандыктары кабарланган.

Ал ортодо ушундай эле абал Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында дагы жаралганы кабарланууда. 24-январда өзбек жарандарынын бири кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги узак кезек күтүүгө даттанган.

«Чек арага түнкү саат 2:30да келген адамдар 17:00гө чейин Кыргызстандын аймагына кире албай турушат. Аскерлер чек араны жаап алышты. Миңдеген адам суукта тоңуп турушат. Бул тууралуу биздин президенттин кабары барбы? Мамлекет башчы өзбекстандыктардын жашоосу жакшырганын айтууда, бирок чек арачылар кайрадан элди кордоосун улантып жатышат. Аларга карата кимдир бирөө чара көрөбү?», – деп жазган ал.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» бекети былтыр сентябрда эки тараптуу негизде ачылган. Анда мындан ары эки өлкөнүн жарандары үчүн чек арадан өтүүдө кошумча документтер талап кылынбай тургандыгы кабарланган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: