Menu

Премьер-министр Сапар Исаков Давос шаарында Cisco жогорку технологиялык компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 25-январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу алкагында ири жогорку технологиялык Cisco компаниясынын төрагасы Чак Роббинсон жана компаниянын глобалдык инвестициялар боюнча вице-президенти Гай Дитрих менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан санариптик трансформация боюнча долбоорлорду талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын жана Дүйнөлүк банктын «Digital CASA» долбоорунун алкагында маалыматтарды иштеп чыгуунун регионалдык борборун куруу маселеси, ошондой эле «Акылдуу шаар» долбоорунун башка компоненттери талкууланды.

Компаниянын жетекчилиги Кыргызстандын санариптик трансформациялоо боюнча долбоорлоруна катышууга кызыкдарлыгын билдирди.

Тараптар жакын арада компания жогорку квалификациялуу иликтөө жүргүзүүчү адистердин тобун жиберип, анын жыйынтыгы менен өлкөнүн тармактык даярдыгы жана санариптик трансформацияланышына катышуусу боюнча «жол картасын» иштеп чыгуусу боюнча макулдашууга жетишти. Жүргүзүлгөн жумуштардын натыйжасында адистер тарабынан бул багыттагы аткарыла турган иш-чаралардын бюджети жана планы түзүлөт.
CISCO компаниясы Кыргыз Республикасы менен өз ара пайдалуу кызматташууга жана өнөктүштүккө даяр экенин тастыктады.

Буга катар маектешүүнүн жүрүшүндө Cisco санариптик трансформация боюнча долбоорлорду ишке ашырууда эл аралык телекоммуникациялык компанияларды тартууга көмөк көрсөтөөрү, ошондой эле аларды Cisco Capital аркылуу каржылоо мүмкүндүгү каралаары белгиленди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: