Menu

Ишкерлигин да токтотпой, коңшуларынын да тынчын албагандай турак жайларын мейманкана катары пайдаланууга берүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралды

Бөлүшүү:

Кечээ, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору (Турак жай кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Бузуулар жөнүндө кодекске) биринчи окууда каралды. Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Жунус уулу, Гүлшат Асылбаева, Максат Сабиров, Дастан Бекешев.

Демилгечилердин бири депутат Алтынбек Жунус уулу мыйзам долбоору КР Өкмөтү тарабынан аныкталуучу туристтик зоналарда жайгашкан көп батирлүү үйлөрдөгү өзүлөрүнүн турак жайларын мейманкана катары менчик ээсине ижарага берүү маселелерин жөнгө салуу максатында демилгеленет. Айрым региондун жарандарына көп батирлүү үйлөрдөгү өзүлөрүнүн турак жайларын мейманкана катары пайдалануудан пайда табуу мүмкүндүгүн берүү бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү сунушталат.

Бул мыйзам долбоорун биринчи окууда талкуулоо учурунда депутаттар өлкөнүн туристтик зоналарын аныктоо зарыл экендиги жөнүндө белгилешип жана буга байланыштуу алар Кыргыз Республикасы бүтүндөй алганда бирдиктүү туристтик зона катары кароону сунуш кылышкан.

Бул жолу да баардык эле жерлердеги көп батирлүү үйлөрдөгү өзүлөрүнүн турак жайларын мейманкана катары ижарага берүүгө уруксат берүү талкууланды. Бул жерде коңшуларынын нааразычылык арыздары болсо ижарага батирин берген үй ээсине дагы айыппул салынаары каралууда. Депутат Мирлан Жээнчороев батирин суткага жана саатка ижарага берүүгө болбостугун, турак үйлөрдө суу, ысык суу пайдалануунун жол-жоболору жана башка бир катар жагдайлар бар экенин айтып, мыйзам долбоорун колдобой тургандыгын билдирди.

Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов долбоордо батирин суткага жана саатка ижарага берүү алынып салынып жатканын, батир батир катары гана берилерин, болгону туристтерге шарт түзүү жагы каралып жатканын белгиледи.

Бир катар кайчы пикирлер мыйзам долбооруна добуш берүү аркылуу чечилмей болду.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добкш берүүгө жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: