Сөөгү журналист Рыскелди Момбеков деген Жогорку Кеңештин сдпкчы депутаты бар. Аталган партиянын тиригараагы эле ушул киши. Сүйлөсө сөзү сай-сөөккө жетет. Акыркы күндөрү Рыскелди мырза чыркыраган чындыкты ачык айтып баштады. Ал гана эмес бийлик тарабынан кылмыш иши козголгон атамекенчи депутат Алманбет Шыкмаматовдун да таламын талашып жүрөт. Мындан улам Атамбаевдин ишенимдүү депутаттары оппозиция тарапка ооп баштадыбы деген суроо туулат. Тактап айтканда, Рыскелди Момбеков, Чыныбай Турсунбеков, Элвира Сурабалдиева сыяктуу депутаттардын ичинен ит өлүп жатканы байкалат. Булардын таарынычтары эмне? Жаз алды менен СДПКдан бир топ депутат эркин депутатка айланчудай болуп турат. Сыягы парламент тарайт деген кеп баарынын жүрөк үшүн алып жаткандай. Ошол себептүү келеркиде кайра келбей калышаарын сезгендер элтеңдей баштады көрүнөт.
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ