Акылы кырк эшекке жүк болгон Акылбек Жапаров деген кыйын экономистибиз бар. Ар качан алдыны көрө билип, так прогноз кылып келет. Элет жерин кантип өнүктүрүү керек экенин да андан кыйын билген адис жок. Жада калса өлкөдө канча бай үй-бүлө, канча үй-бүлө ортоңку катмарда, канча үй-бүлө өлбөстүн күнүн өткөрүп колунда жок деген статуска ээ болгонун эбак анализдеп койгон. Байларга кандай мамиле кылууну, жакырларды кантип колдоо керек экени тууралуу программаны да сайрап келет. “Өзүбүздүн өнүгүү жолубуз” деген китебин чыгарып, кайсыл жолду тандашыбыз керек экенин так айткан жайы да бар. Быйылкы жылды президент Сооронбай Жээнбеков “Региондорду өнүктүрүү жылы” деп атап, ал боюнча ушул жумада атайын жыйын курду. Ал жыйында Акылбек да катышты. Азыр Акылбектин акылын пайдаланчу учур келип турат. Анын иштеп чыккан программасын колдонсок неге болбосун? Сонун эле болмок.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ