Menu

Байсаловго асылгандар мурунку президенттин тегерегиндегилерби?

Бөлүшүү:

Эр жүрөк Эдил Байсалов шайлоодон кийин Сооронбай Жээнбековду куттуктап, баардык саясий күчтөрдү жаңы президентке колдоо көргөзүп, элдин ишенимин актаганга мүмкүнчүлүк түзүүгө чакырган. Ошол эле шекилде чет өлкөлүк негизги өнөктөштөрүбүздүн борбор шаарларында жолугушууларды өткөзүп, Сооронбай Жээнбековго күчтүү мамлекет башчысы болууга көмөк көрсөтүүнү өтүнгөнүн укканбыз. Лондондогу «Chatham-house» аналитикалык борборунда биздеги президенттик шайлоо тууралуу, Жээнбековдун тажрыйбасына кенен токтолуп, лекция окуган. Кызыгы, Эдилдин ошол лекция окуганын угушубузга караганда эски президенттин тегерегиндегилер буга кызганып, жаңы президенттин жалпы улуттук лидерге айлануусун көрө албай, Байсаловго каршы чабуул уюштурууга өтүштү. Байсаловду мурунку ажонун элдешкис душманына айланган Текебаевдин жардамчысы Калыс Боронбаев коштоп барган деп жарыя кылышты. Калыс Боромбаев менен чогуу КСДПнын көздөй кишиси Аалы Карашевдин жардамчысы Руслан деген жигит да Эдил менен чогуу барганын коомчулуктан жашыргысы келишиптир. Эдилди жамандоо менен Сооронбай Жээнбековду жалгыздап, изоляциядан чыгарбай. Атамбаевтин короосуна байлоону көздөп жатышкан мурунку жеп-ичерлердин негизги максаты экени ачыкталып калбадыбы. Алар үчүн «разделяй и властвуй» саясатын жүргүзүү пайдалуу жана жеген жеминен ажыратпайт. Элде ынтымак орносо, саясий күчтөр тил табышса, анда так ошол мурунку президент жалгыз калары анык. Жеп жаткан жеминен кур жалак калбашы үчүн аракет кылгандар «Байсалов түштүк-түндүккө бөлүп жатат» деген негизи жок дооматты коюшуптур. Эми Бай­саловго башка бир сын айтса дагы жарашмак, мунусу суу кечпей калды. Дүйнөлүк масштабда ой жүгүрткөн Эдил кыргыздын патриоту катары сасык эски саясатчылардан айырмаланып, элин бөлбөй, баардык региондорго тең караганын баардыгыбыз билебиз да.

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: